Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык соту «Кумтөр иши» боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Бабановдун адвокаты саясатчыны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирген.

Ал эми соттун имаратынын алдына Бабановдун ондогон тарапташы чогулуп, «Үй камагына чыксын!», «Боштондук!» жана «Адилет сот!» деп кыйкырып турушат.

Бабановду 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ага Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен айып коюлган. Биричи май райондук соту саясатчыны 31-июлга чейин тергөө абагында калтырган.

Предыдущая статьяБишкекте жаңы автобустар бир жума акысыз каттайт, кайсы каттамга коюлду?
Следующая статья1-топтогу инвалидди Камчыбек Жолдошбаевдин күйө-баласы кордоду

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here