Албетте, бул эссени жазып атканда мен коомчулукту адаштырам, ким экенин билдирбегенге аракет жасайм. Балким башкача мүнөздөйм. Ал эми түрмөдөгү саясатчынын жубайынын айрым образдарын каймана иретинде ачып берүүгө дымагым жетет. Себеби, баштан өттү да…

Жамгыр жаап жаткан. Адаттагыдай жаздын кечи. Күн салкын. Тирүүлүктүн сонун кечи. Биз болжогон жерибизге жетишибиз керек. Ал жер – шаардын чок ортосундагы бир кофейня. Мен жашыруун келдим. Көп өтпөй сулуу жүздүү айым башбакты. Экөөбүз жылуу учураштык.

— Бизди Улан менен Жеңиштин балдары аңдыган жокпу? — деп саксактай артын карап, негедир шек санай баштады.

— Башка номерлер менен сүйлөштүк го? Аларда андай мүмкүнчүлүк жок…

— Билбейм. Азыр сактана турган убак да, билесиз? — деп мага жылмайды.

— Ооба, бирок коркпош керек. Келиңиз, вино заказ кылалы?

Маектешим ууртунан “бүлк” эте жылмайып, мени баягы жаш селкидей күтүп калды. Француз шарабы, эки стейк, салат айттым… Аңгыча сыртка чыгып чылым чеккиче, эки жакты байкаштырууга саресеп салдым. Негедир шектүү оперлер көрүнбөйт.

Ичкериге кирдим. Сонун аура. Бизден башка үч столдо өнөктөштөр отурушат. Алар баёо дүйнө. Аңдышмайды кайдан билишмек эле? А биз башка чөйрөбүз да…

— Сиздин маанайыңыз жакшы го? Кандай жаңылыктар? — дедим.

— Маалыматтар мына… — деп бир тутам кагаздарды көтөрө берди.

— Аны коё туруңуз, шашпай… — деп жооткоттум, — Ал боюнча мен окуп чыгайын, анан айтам, убакыт бар, — дедим.

— Жардам бересизби?

— Сөзсүз. Андан көрө бул жакка карайлы?

Дасторконго биз күткөн нерселердин баары келип калды. Экөөбүз муздак винодон алып, тамаша аралаш сүйлөшүп аттык. Биз түрмө түйшүгүн, эркиндик баасын, анан кантип соцтармакка маалыматтарды жайылтууну сүйлөштүк. Менде андай деле фейктер жок, бирок алардын атамандарына айтып койсок, иштин уланышын түшүндүрдүм. Мындайда табарсык да толуп кетет эмеспи, бошоткону жөнөдүм…

Тез эле келдим, маектешим столдун үстүндөгү телефонумду карап:

— Сизге Талант деген чалып атат, — деди.

Ал ким экенин айткан жокмун. Теманы башка жакка бура бердим. Акыркы бокалдарды кагыштырып, сыртка чыгууга далалат жасай баштадым.

— Тоо жакка барсак кандай? — деп жиндиче суроо салдым.

— Алыс эмеспи?

— Жо-ок, жакын эле…

— Макул.

Мен да күткөн эмесмин. Дароо эле ордуман туруп, колумду сундум. Жумшак, арык колдору кебездей сезилди. Экөөбүз менин машинама отуруп, Совет көчөсүнөн зуулдап өйдө тарапка бараттык. Биз менен жарышкан жамгыр да дыбырап атты…

(Уландысы кийинки санда) 

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статьяКелиним айнып калды…Уул-келинимди ажыраштырсамбы?
Следующая статьяМинистр Кайрат Иманалиев “даанышман” болуп, чала иштелген концепцияны чампалаганда

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here