20-июнда кайрадан шайлоо дайындалган үч шаардык кеңештин шайлоосуна үгүт иштери башталды. Бишкек шаардык кеңешине 17 партия талапкер көрсөткөн. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин, башкача айтканда, бүгүн 20-июнда башталып, 10-июлда аяктайт. Ал эми шайлоо 11-июлга белгиленген.

Бишкек шаарындагы шайлоого төмөнкү партиялар катышат:

  1.  «Өнүгүү-Прогресс» — партиянын жетекчиси Бакыт Төрөбаев;
  2.  «Социал-демократтар» — партиянын жетекчиси Темирлан Султанбеков;
  3. «Замандаш» — партиянын жетекчиси Аскарбек Өмүракунов;
  4.  «Келечек-Будущее» — партиянын жетекчиси Чынгыз Макешев;
  5.  «Ата-Журт Кыргызстан» — партиянын жетекчиси Айбек Маткеримов;
  6.  «Биздин Кыргызстан» — партиянын жетекчиси Айбек Осмонов;
  7.  «Ынтымак» — партиянын жетекчиси Марлен Маматалиев;
  8.  «Жаңы мезгил» — партиянын жетекчиси Казакбай кызы А.;
  9.  «Биздин Эл» — партиянын жетекчиси Майрамбек Расулов;
  10.  «Туран» — партиянын жетекчиси Бекчоро уулу Эрлан;
  11.  «Эмгек» — партиянын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов;
  12.   Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы — партиянын жетекчиси Артур Медетбеков;
  13.  «Жашыл Кыргызстан» партиясы — партиянын жетекчиси Эркин Булекбаев;
  14.  «Күч бирдикте» коомдук-саясий партиясы — партиянын жетекчиси К.Абдивалиев;
  15.  «Улуу-Журт» — партиянын жетекчиси М.К.Орозбаев;
  16.  «Реформа» — партиянын жетекчиси Клара Сооронкулова;
  17.  «Столица» демократиялык партиясы — партиянын жетекчиси Данияр Өмүрзаков.

Ушул жылдын 11-апрелинде өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 25 партия катышкан. Алардын ичинен 7 пайыздык босого чектен «Эмгек», «Ак Бата», Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы (КЭДП) , «Ата Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл» партиялары өткөн. Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы КЭДП, «Эмгек» жана «Ак Бата» партияларынын добуштарын жараксыз деп тапкан.

Предыдущая статьяАрзыбек Буркановдун резиденцияда майкачан жүргөнү көпкө узабады. Эмне үчүн?
Следующая статьяИнстарейтинг: Дүйнөдө Роналду, Кыргызстанда Анжелика алдыда

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here