Пт. Янв 21st, 2022
Мындай пикирин алып баруучу, актриса Назира Айтбекова жеке фейсбук баракчасы аркылуу билдирди:
«Ушинтсем, жагамбы?
Адамдын дээрине, жан дүйнөсүнө, тулку боюна ыйман, адамгерчилик, бийиктик чүпүрөктөн эле бүтүп калса, ошол чүпүрөктү даңазалап атып өтмөкмүн! Ишенип коюңуз! Ачык — чачык кийинип, бирок эркек жолотпогон көп аял көрдүм. Тескерисин да көрдүм ошондой эле. Сырткы баалуулукта калып, ички баалуулук өйдө чыкпай атат, атаганат! Бирөөң психолог болуп, жан дүйнөмө анализ жүргүзүп ийесиң. Бирөөң, ойду — тоону жазасың. Жандарым, көчүктүн деңгээлинен бийик өсөлүчү? Тим эле ошол жагы ачык болсо да , ички дүйнөнү , бийиктикти көргөндү качан үйрөнөбүз? Ушул көчүктү ачып туруп байып кетсем, эчак “шикарно” жашамакмын, алтындарым! Жаман оюмда көчүгүмө көзүңөрдү көндүрүп алсам, балким качанды-ыр бир көкүрөгүмдү , көкүрөк кыйкырып, ачуу айкырык салып, айтып аткан кебимди эшитип, көрүп баштаарсыңар деген эле тилек! Жакшы көрөм силерди! Мени да кийимченби, жылаңачпы, любой жагыман жакшы көргүлөчү?»-деп жазды ал.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *