Саламатсыздарбы? Жашым элүүдөн өтүп калды. Көп жылдан бери банкта иштейм. Жалгыз балам бар. Жолдошум отуз жыл мурда каза болуп калган. Кийин турмушка чыккан жокмун. Баламды үйлөнтүп, өзүнчө бөлүп койгом. Азыр келин экөө үч баланын ата-энеси болушту. Неберелүү болгон сайын кафелерге той берип, тапканымды неберелеримдин келечегине жумшап келем. Убагында кыйналып калбасын деп бала багуучу жалдап берип жүрдүм. Алар да келиндин мүнөзүнө чыдабай качып кетишет. Келиниме бир жолу жаман сөз айткан эмесмин. Бул милдет кылуу эмес, бирок келинимди ашыкча эле көкөлөтүп алдымбы деп ойлоп калдым.
Ар бир эне баласын мактайт дээрсиздер, бирок чынында балам келишимдүү, боорукер, билимдүү, жаман адаттардан тыш, тамашакөй жигит. Анан үй-бүлөсүнө абдан карамдуу, иштеген иши бар. Бишкектин чок ортосунда үч бөлмөлүү батирде турушат.
Уулумдун жумушу Казакстанда, 15 күн иштеп, 15 күн эс алат. Кезегин тапшырып келерде чек ара жабылып, ошол жакта калып калды. Үч-төрт айдан бери келе албай жатат. Анын үстүнө 15 күн сайын кезекке чыгуусу керек. Алыста сак-саламат жүрсө экен деп ага санааркап жатсам, келиним өнөрүн көрсөтүп чыкты.
«Үч-төрт айдан бери балдар менен жалгызмын. Кыйналып кеттим, ажырашам», — деп чыгыптыр. Энеси менен үйгө келип чыр салып, батирди мага каттаткыла деп айламды кетирди. Балама чалып аны менен да урушуптур. Экөөбүздүн бир таянар тообуз алыста жүргөндө колдоп койгондун ордуна кайра кууратты. Өзүм да ооруп, эми жакшы болдум. Ойлонуп-ойлонбой жаман сөздөрдү көп айтты. Чынын айтсам, жаман көрүп калдым.
Балам үй-бүлөсүнө ай сайын айлыгын салып турат. Акча жагынан көйгөй жок. Үч бөлмөлүү батирде бардык шарты менен жашайт. Алдында машина турат. Неберелерим деле кичүүсү беш, ортончусу алты, улуусу тогуз жашка чыгып, чоңоюп калган. Болгону күйөөсү жанында бала карашпаганына чуу чыгарып жатат.
Балам деле жини келип «кете бер» деп салыптыр. Менин да абдан ачуума тийди. Ушунча жыл иштеп элден укпаган сөздү ушу келинден уктум. Колтугуңдан жылан чыккан жаман экен. Ажыраштыргым эле келип жатат. Бирок сабыр кылайын деп өзүмдү алаксытып, неберелеримдин көзүн кыя албайм. Бир чети келинимди «мейли, мурдуна суу жетсин, кыйынчылыкты көрсүн» деп да ойлойм. Ачууланганым, оор турмушта жашаган, үй-бүлөлүк кордукка кабылган келиндер канча? Мунун кесирленип жатканы кудайга да жакпайттыр.
Мен да жесир болуп, баламды жалгыз чоңойттум. Мейли муну түшүнбөсүн, ушундай кырдаалда жолдошун түшүнүп көңүлүн көтөрүп койбойбу? Биздин кылганыбыз ошого да татыбай калганына ичим туз куйгандай ачышып жаман болдум.
Мен эми ага мурункудай мамиле жасай албайм. Жалгыз келиним менен жаман-жакшы айтышып да жүргүм келбейт. Баламды ортодон кыйнап койбоюн деп корком.
Ажыраштырсам кийин өкүнүп калбаймбы? Балама муну айтардан мурун терең ойлонуп алайын деп жатам. Курбу, туугандар менен да кеңешким келген жок. Бул биздин үй-бүлөлүк маселе. Мага кандай кеңеш берер эленер??
Предыдущая статьяНурлан Насип: «Пешенебизге жазылганын көрүп өмүр сүрөт экенбиз»
Следующая статьяТүрмөдөгү саясатчынын жубайы менен кантип ынак болдум?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here