Пт. Янв 21st, 2022

 

Шейшемби күнү 22-июнда, саат 9:00дө Бишкектин шаардык сотунда Өмүрбек Бабановду мыйзамсыз камакка алуу жана баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча аппеляциялык арызды караштыруу жыйыны өтөт.

Маалым болгондой, Өмүрбек Бабановдун жактоочусу Амантур Абдырахмановдун арызы мыйзамга ылайык 7-июнда Бишкектин шаардык сотунда катталган.

Адвокаттын айтымында, арызда ал экс-премьер-министрди кармоодо жана 2021-жылдын 2-июнунда сотто баш коргоо чарасын белгилөөдө мыйзам бузуу фактыларын көрсөтүп, жазган.

Адвокат Бабановду эки айга камакка алуу деген Биринчи Май райсотунун токтомун негизсиз деп табууну шаардык сотунан суранган. Андан тышкары, Бабановду бошотуп, баш коргоо чарасы катары өлкөдөн сыртка чыкпоо тил катын жаздырып алууну өтүнгөн.

«Бабановдун кармалышы мыйзамсыз экенин биз жогорку сотто далилдемекчибиз. Акыйкат жана тунук сот болсо, аны бошотушу керек», – деген ошондо жактоочу.

Эске салсак, 31-майда УКМК Өмүрбек Бабановду күбө катары суракка чакырган. Эки сааттык сурактан кийин ал кайтадан суракка келүү милдеттемесине кол коюп, УКМКдан кетмек. Бирок суракка катышпаган тергөөчү келип, ага камакка алуу протоколун тапшырган, ошондо Бабановго да, анын адвокатына да эмнеден шектенүү бар экенин түшүндүрүшкөн эмес, Бабанов ошондо протоколго: “Шектенүү маңызы мага түшүнүксүз. Кандайдыр бир кылмыш жасады деген күнөөнү толугу менен мойнума албайм”, — деп жазган.

Алгач баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сот жыйынын 1-июнь түнү дайындашкан, анан бир күнгө жылдырышты. 2-июнда Биринчи Май райондук сотундагы процесс сегиз саатка созулуп, жабык эшик артында өттү. Прокурор ошондой болсун деп өтүнгөн. Бабанов да, анын жактоочулары да сот ачык тартипте, ЖМК жана туугандардын катышуусунда өтсүн деген өтүнүчүнө карабай, сот прокурорду колдоп берди.

Мындан тышкары, мыйзам талап кылгандай, Бабановдун адвокаттарына айыптооо документтерин отурумга үч саат калганда бербестен, материалдар менен таанышууга жарым гана саат беришти. Ошентип, соттун башынан эле мыйам бузуулар катталган.

Судья Чыңгыз Бердимуратов Өмүрбек Бабановдун кармалышын мыйзамдуу деп тапкандан кийин, анын коргоочулары судьянын калыстыгына күмөн санашты. Камакка алуунун негиздерин келтире албаган тергөөчүлөрдүн мыйзам бузууларын судья байкаган да жок. Суракка дагы келем деген милдеттемеге кол койгон Бабановду эмнеге камакка алдыңар деген суроого тергөөчүлөр жооп бере алган жок. Адвокаттар судьяга ишенбестик жарыялап, ал бул ишке кызыкдар, ошондуктан ал баш коргоо чарасын калыс жана акыйкат караштыра алган жок, деп билдиришти. Бирок бул өтүнүч каты да канааттандырылган жок, ошондон кийин Бердимуратов баш коргоо чарасы катары эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *