Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйыны өтмөк. Бирок кворум жок болуп, жыйын кийинкиге жылдырылды.

Комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова: “Депутаттардын көбү жыйынга келбегенине байланыштуу кворум жок. Бүгүн 15:00дө Жогорку Кеңештин имаратында дезинфекциялоо иштери дагы жүрөт экен. Жыйынды кийинкиге жылдыруу чечимин кабыл алалы”, – деди ал.

Комитет жыйынына келгендер бул сунушту колдоп, натыйжада жыйын кийинкиге жылдырылды.

Комитет жыйынында буга чейин президенттин каршы пикири менен артка кайтарылган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралмак.

Предыдущая статьяВИДЕО-Марипов: Өтүк кийип каналды өзү тазалайм
Следующая статья«Ата-Мекен» фракциясынын лидери ким болот?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here