Биринчи күйөөмдүн талагын албай турмушка чыктым…

Мен жокчулукта чоңойгон кызмын. Бала кезде эмнени гана көрбөдү дейсиз. Атам кичинемде каза болуп калган. Беш бир тууганбыз, апам байкуш бизди багыш үчүн эмне деген жумуштарда иштебеди. Ошондо да жокчулук жаныбызга батып, кемсинип жашадык. Ошентип, мен 17 жашымда турмуштун айынан өзүмдөн бир топ жаш улуу эле кишиге турмушка чыктым. Ал кишинин экинчи аялы болуп тийдим. Мунун баары жокчулуктун айынан эле. Бирок ал киши убада бергениндей эч нерсе кылып бербеди. Алты жыл чогуу жашадык. Коркуп, капастагыдай эле күн кечирдим. Кийин өзүм эч кимге айтпай, Россияга качып келдим. Азыр өзүм жактырган адамга турмушка чыккам. Бир балам бар. Турмушум жакшы, экинчи күйөөмө баарын айтып, анан кол кармаштым. Эми кантип айылга барам? Ошол нерсе мени ойлондурат. Дагы деле барыштан корком. Беш жылдан бери айылга бара элекмин. Биринчи күйөөмдүн дагы талагын албай турмушка чыктым. Бирок ал киши менен никеден өткөндө эч ким бизге күбө болгон эмес. Молдо, ошол киши, анан мен эле болгонубуз эсимде. Мындан кийинки жашоом кандай болот? Экинчи күйөөм менен никеге тургам, бирок өткөн күндөр менен чечишип алуу мойнумда жүрөт…

Зина 

«Азия Ньюс» гезити

Add your comment

Your email address will not be published.