Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү, фракция лидери Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көргөзүшүүдө. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Нышановду лидерликтен кетирүү чечимин депутаттардын көпчүлүгү колдоду. Бирок анын ордуна фракция лидери ким болоору?- белгисиз,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек январдан бери “Ата Мекен” фракциясы үчунчү жолу лидерин алмаштырууда. 2020-жылдын окятбрь айында депутаттык мандатын кайра алган Өмүрбек Текебаев фракцияны жетектеген. Ал кийин соттошуп баштаганда фракция лидери болуп Айсулуу Мамашева шайланган. Март айында Айсулуу Мамашева бул орундан баш тартып, фракция лидери болуп Сайдулла Нышановду шайлашкан.

Эскерте кетсек Нышанов февраль айында фракциядан чыгып кеткен

Булак: аrgument.kg

Предыдущая статьяДепутаттар келбей коюп, парламенттин жыйыны өтпөй калды
Следующая статьяВИДЕО-“Садыр Жапаровду знаешь? ошодон келдим, 15 миң төлөп койгула”, – деген шылуун пайда болду

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here