Мындай пикирин ырчы Анжелика Кайратовна жеке инстаграмм баракчасы аркылуу билдирди:
«Байкоо жүргүздүм, блокко беш аккаунт кетти. Калган 99% жүрөгү таза адамдар көйнөктүн баасын талкуулап ойношуптур. Кир сөздөрдү кыргызымдын мырзалары жазганы өкүндүрөт. Качан кээ бир мырзалар- айымдардын косметика, көйнөк темаларынан алыс болот? Балким, жакшы жумушта иштеп, аялдарын , балдарын сыйлап, эркелетип, берешен болгондо го дейм. Андайлар тилекке каршы өтө азаюууда.
Көйнөк баасын ким тапканын строриске жүктөдүм. Бишкектеги бул көйнөк сатылган дүкөнгө элдер барып , керек болсо карап дагы кетишиптир. Таптак сатык баасы 244,900сом:)) мен бул акчаны короткон жокмун 😅, кейибегиле, белекке алдым😅.
Эмне кийсең да , эмне ичсең да , кайда болсоң да.. Кыздарың ,ата энең , бир туугандарың менен аман бол , бактылуу бол ! Жашоонун өзү эң кымбат байлык !!!»-деп жазды ал.
Предыдущая статьяЭртең Бабанов эркиндикке чыгышы керек
Следующая статьяАлымкадыр Бейшеналиев: «Кара Июлдун» кайталанышына жол бербейм!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here