12-июнда Токмок шаарынын Курчатова көчөсүндөгү №1 үйдө өрт кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен кичинекей үй толугу менен күйүп, гараж менен тооккана жарым-жартылай өрттөндү.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өрттүн чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгон.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, бул жерди 6 балалуу үй-бүлө ижарага алып, жашап жатышкан. Эльвира Бекматова кырсык болгон күнү үйүндө болгон эмес.

«Бизди Кудай сактап, 6 балабыз менен аман-эсенбиз. Ошол күнү жолдошум жумушка, талаа иштерине кеткен. Мен болсо бирөө сурангандан эки аялдама ары жайгашкан дүкөндө отургам. Эки кичинекей балам жанымда болчу. Үйдө 4 балабыз калган. Саат 12:30 чамасында үй өрттөнүп жатканын айтышты. Үйгө чуркап барсам, жалындап кетиптир. Анан өрт өчүрүүчүлөр келди.

Ансыз деле батирде турган жаныбыз, эми минтип материалдык зыянга учурап, моралдык жактан жабыркап турабыз. Кичинекей үй толугу менен күйүп кетти. Ал капиталдык түрдө оңдолмоюн, анда жашоого мүмкүн эмес. Жолдошумдун туруктуу иши болбогондуктан убактылуу ар кандай жумуштарга чыгып, күнүмдүк нанга гана таап, бизди багып келет. Мэриянын жетекчилигине кайрылып, жардам берүүнү сурансак, мэрия жардам бере албайт экен. Себеби, биз Чүй районунда каттоодо турабыз. Үйдүн ээси болсо өрттөнүп кеткен үйдү, гаражды жана тооккананы дал өзүндөй кылып калыбына келтирип, чыгашаны жаап бер деп шарт койду. Бул батирге айына 6 миӊ сом төлөп жашачубуз», – деди ал.

Эльвира Бекматова 1991-жылы Нарын облусунда жарык дүйнөгө келген. Балдарынын улуусу 12 жашта болсо, кичүүсү 6 айлык.

Аталган үй-бүлөгө жардам берүүнү каалаган 0700 355 554 номура чала алышат.

Предыдущая статьяОлжобай Каратаев, профессор: Төрөбай Зулпукаров тарых факультетинде окуган, экзаменди мен алгам
Следующая статьяҮй алам деп сүйүнүп отургам… Студенттерден пара алган аялдын видеосу

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here