Сеид Атамбаев Жээнбековдордун камалышы боюнча: «Тагдырдын тамашасы дейт..»

Кумтөр иши боюнча камаакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун камалышы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев билдирүү жазды. Анда ал,

«Тагдырдын тамашасы дейт, бир жыл мурун биз да ушинтип кыйкырып, акыйкат издеп жургонбуз. Эмнени кана корбодук Сооронбай жана Асылбек Жеенбековдордон! Эми оз баштарына тушуп, соттордо журушот. Эмне дейбиз эми, белинерди бекем буугула«- деп жазган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков 31-майда УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын ошол эле күнү карап, 2 айга камакка алган. Ал эми бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык соту анын адвокатынын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызын карайт. Соттук отурумга анын бир тууганы Жусупбек Шарипов келген.

Add your comment

Your email address will not be published.