Тарых илиминин доктору, профессор Олжобай Каратаев УКМКнын тергөө абагында отурган депутат Төрөбай Зулпукаровдун дипломуна байланыштуу комментарий берди.
Каратаев Зулпукаров Улуттук университеттин тарых факультетинин аралыктан окуу бөлүмүнө 1995-жылы тапшырганын, кабыл алуу экзаменин алганын айтты.

«Ал учурда Улуттук университеттин тарых факультетинин аралыктан окуу бөлүмүндө милицияда иштегендер, аскерде жүргөндөр же дагы башка жакта иштегендер көп эле. Төрөбай Зулпукаров да алардын катарында эле окууга тапшырган. Андан экзаменди мен алгам.
Жыйынтыгында буйрук чыгып окуп жүрдү. Аралыктан окуган студенттер бир жыл ичинде 15 күндөн эки жолу келип окуп кетишчү. Зулпукаров экзаменден кийин мени менен таанышып, мамилебиз жакшы болуп калгандыктан келген сайын учурашып турат эле. Бирок үчүнчү курстан окуудан четтетилип калганы боюнча кабарым болгон эмес. Себеби тынбай келип, окуу корпуста эле жүрчү», — деди Каратаев.

Предыдущая статьяНазира Айтбекова: Сулуу, бийик аял башка аялды басынтпайт, кемсинтпейт
Следующая статьяТокмокто 6 балалуу үй-бүлө ижарага алган батири өрттөнүп, көчөдө калышты

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here