Мындай пикирин алып баруучу Назира Айтбекова жеке Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди

Лайфхак менден .

Аялдар аябай абийирдүү болуп, сеникин айрандай төгүп, ыймандуу болуп, сеникин ылайлап атканда өзүңдү бийик сез! Сулуу сез! Анткени өзүнө ишенимдүү, сулуу, бийик аял башка аялды басынтпайт, кемсинтпейт. Кем акыл, же кемсинген аял гана ошентет.

Эркектер былгытып, былжырап, шек келтирип, шектенип атса анда да тим кой! Андай эркектин бир каршы эти организмдеги ашыкча сууну сыртка чыгарган эле жарайт , же сапатын, эркектик сыпатын унутуп калган неме. “Мышык майга жетпей, сасык ! “ деп атат деп бил.

Кесиптешиңиз кесиптик ишиңизге , же даярдап койгон “ашыңызга” тийишип атса , жумурткадан кыр чыгарып, кылдан кыйкым таап атса, куурулуп , өрттөнүп, өзөгүнө түшүп чок, өлүп баратат деп бил! Алдыдасың, демек! Ат чабым артта калган гана адам алдыны көздөй таш ыргытат!

Предыдущая статьяЧүйдө мас жаран мечитке курал көтөрүп кирип, адамдарды коркуткан
Следующая статьяОлжобай Каратаев, профессор: Төрөбай Зулпукаров тарых факультетинде окуган, экзаменди мен алгам

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here