Чүй облусунда мас адам мечитке курал менен кирип келип, сыйынуучуларды зордук-зомбулук менен коркуткан. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматты 50 жаштагы М.М аттуу жергиликтүү тургун билдирген. Анын айтымында, 15-июнда саат 21.00 чамасында белгисиз мас адам Чүй районунун айылдарынын биринде жайгашкан мечитке кирип, ок атуучу куралды колдонуп, сыйынуучуларды куугунтуктоо менен коркуткан. М.Мдин чекесине тапанча такап, аны өлтүрөм деп коркутуп, андан кийин дубалга эки жолу ок чыгарып, качып кеткен.
Факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыштын негизинде катталган. Тергөө жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 63 жаштагы А.А. Чүй облусунун тургуну кармалган.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, алты патрон салынган травматикалык тапанча, дүкөндөн, эки резина октон жасалган желим кутуга, эки чакан калибрдеги мылтыктын огу салынган журналга жана Травматикалык куралдан 20 патрон табылган.Учурда, тийиштүү экспертизалар дайындалып,сотко чейинки процесстер уланууда

Предыдущая статьяСеид Атамбаев Жээнбековдордун камалышы боюнча: «Тагдырдын тамашасы дейт..»
Следующая статьяНазира Айтбекова: Сулуу, бийик аял башка аялды басынтпайт, кемсинтпейт

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here