Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Сарпашев жогорку саясий кызматта иштеп жатып, канадалык «Центерра» компаниясынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөргө зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш-аракеттери аныкталды.

Тергөө иштеринде Сарпашев өкмөттө жооптуу кызматтарды ээлөө менен, «Центерранын» кызыкчылыгы үчүн мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана аны кабыл алууга тоскоолдук кылган.

Мындан тышкары Сарпашев кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр Голд Компаниге» мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, Кумтөр кенинде жайгашкан Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү парламенттин кароосуна киргизген.

Сарпашев тергөө тарабынан аныкталган кылмыштуу аракеттерин эске алуу менен кечээ, 17-июнда Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча кармалды.

Жакын арада Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карайт», – деп айтылат маалыматта.

Предыдущая статьяЧыпалак баатыр: «Марипов бүт азык-түлүктү , сабизди кымбаттатып бүт жакты каша кылып жатат»
Следующая статьяНарындыктар министр Алымкадыр Бейшеналиевди уят кылды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here