Пт. Янв 21st, 2022
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек
Мариповго ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин көтөрдү.
«Улукбек Марипов жаңы келгенде чоң атадай сүйлөп, акимдерге эскертүү берип жаткан. Азыр айткандарынан бир дайын жок. Келери менен чек ара боюнча жаңылыш сүйлөп чыр жаратты. Азык-түлүк маселесин айтпасак да баары көрүнүүдө. Жада калса мыйзамдан сырт иштерди кылып, өзүнчө чечим чыгарып жатат. Ага ким мындай укук берди? Келгиле, ишенбөөчүлүк көрсөтүп, бир тарап кылалы»,- деди
депутат.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *