Мекеме 17-июнда тараткан маалыматка караганда, ал бул кызматта иштеп турганда мурдагы президенттин кызматтык артыкчылыктарын пайдаланып, мамлекеттик түзүмгө зыян келтирип, укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен.

Алмамбет Салиев мамлекеттик кызматта иштеген мезгилде, аффилирленген жактарга каттоодон өтүп, өзүнүн расмий кирешесинен кымбат мүлктү сатып алгандыгы аныкталган. Ушундай жол менен алынган чоң каражатты көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаган. Атайын кызмат ал компаниянын атын атаган эмес.

Салиевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иште чогултулган далилдердин негизинде ал 16-июнда Жазык кодексинин 323-беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) менен кармалып УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Алмамбет Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын 11-декабрынан тартып 2020-жылдын октябрь айына чейин иштеген. Бул кызматта турганда анын дарегине «бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт» деген сын айтылып келген.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы 19-декабрда «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып, Алмамбет Салиев «бийликтеги таасирлүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт» деген сөздөрдү жокко чыгарган. Анын бир тууган аким таякесин «иш билги кадр» деп мактаган:

«Бийликте болгондон кийин сөздөр болот, көп душман табасың. Эгер ал (Алмамбет Салиев) туура эмес, мамлекетке зыян келтирсе же коррупциялык схемаларга кирип, өз милдетин кызыкчылыгына пайдаланган болсо, жоопко тартылат. Ал өсө турган жигит. Азыр коррупция менен күрөштө эң башында турган, менин жанымда турган адамдардын бири. Аны дагы көп жазышат. Бирок силер факты менен айтсаңар. Анын таякесин мен тандаган жокмун. Аны мен Ошто губернатор болуп иштеп турганда билчүмүн. Көп жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген тажрыйбалуу адам. Мурун мен губернатор болуп турганда да аны сунушташкан. Андан кийин премьер болуп турганда да сунушташты. Бирок аны үчүнчү жолу көрсөтүп жатканда аны губернатор менен премьер тандады. Кимди коет, кимди алат — бул алардын укугу. Мен акимдерге кийлигише албайм. Ошто губернатор болуп иштеген адам катары ал киши тууралуу жакшы пикиримди айтып коюшум керек».

http://ua.kg

Предыдущая статьяДайырбек Орунбеков: Акаев менен Бакиевди алып келүү мезгили келди
Следующая статьяМарлен Маматалиев: Электр энергиясына болгон баа кымбаттаса, эл көтөрө албайт

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here