Түркияга дарыланууга кеткен Асель Кадырбекованын Нурлан Насип жана кызы менен бирге түшкөн сүрөт, видеолорун социалдык тармактарда эки ырчы тең коё баштады. Буга байланыштуу социалдык тармактын колдонуучулары эки ырчынын кайрадан элдештиби деген суроо кызыктыра баштады. Ага жооп катары Асель Кадырбекова төмөндөгүдөй пост жазып чыкты:

Бизге бакыт каалаган ар бир адамга рахмат! Менимче, аны ар ким өз жолунда жана өз ыкмасында табат.
Бирок кызыбыз үчүн ар дайым жакшы мамиледе болобуз!

Ал иш менен (Түркияга) келип, ошону менен бирге кызын көрүп, жаңы клибинде тартууну чечкен.
Мен колдодум.

Бул темага байланыштуу маалымат каражаттарынан жана тааныштардан суроолор өтө эле көп келип жатат. Тема жабык деп үмүттөнөм! Мен бул теманы таптакыр ачпагым келет! Бардыгы баарына түшүнүктүү деп ойлойм. Тилекке каршы, тагдыры ушундай чечилген биз биринчи жана акыркы үй-бүлө эмеспиз. Бул чечим эки тараптуу. Жөн гана бизди колдогула! Соттобогула. Бешенеге жазылган көрө бүз”,-деп жазган ал.

Предыдущая статьяТоктогазиев: Күзүндө азык-түлүктүн баасы асмандайт
Следующая статьяӨндүрүш Токтонасыров: Молдокматов ак жеринен зынданда олтурат

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here