Бул тууралуу Илим Карыпбеков жеке Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди:

Качан турмушка чыгасың?

Деп кыз кишиден сураганда дароо менин дагы ошо кишиге суроолорум пайда боло калат.
1. Эмне ал күйөөгө чыкпаса сенин бир жериң кычышып жатабы? Же түндө уктабай чыгып уйкудан калдың бы? Же жашооң оңолбой хуйман болуп жатабы?
2. Ал турмушка чыгаар замат сен сакайып, оңолуп, жашооң жакшырып кетеби? Нарында кракадиль табылабы? Тагдырың чечилип чайың кайнап кетеби? Деги сенин ишиң эмне?

Мейли ал чыкты дейли, сага эмне болду? Сенин эмнең өзгөрүп кетти? Бир эле нерсең өзгөрөт — качан төрөйсүң деген дагы бир сурооң пайда болот. Төрөөр замат дагы бир суроо пайда болот — экинчини качан төрөйсүң? Андан кийин үчүнчү, төртүнчү….сегизинчи. Эй, кыргыз буга дагы ыраазы болбойт, 16 бала төрөсөң, эми эптеп 17-чини төрөп ал деп айтат. 17-чини төрөп атып өлүп калсаң, “ошону көрмөк, баладан өлүп бараткансып 16 менен эле токтобойбу бир жери кургабаган шерменде” деп ит кылат.
*****
Урматтуу карындашым! Бул жашоого бир эле келесиң. Элдин оозу тыйылбайт. Эл сүйлөй дагы берет, былжырай дагы берет. Элдин сөзүн эске ал, бирок түк дагы укпай, өзүң жети эмес, жетимиш өлчөп чечим кабыл ал. Эл ар кайсыны айтып атып, басым кылып атып шаштырып турмушка чыгарат. Сүйүүсү жок эрге чыгып, түшүнүгү жок адамга туш келип, көңүлүң жок эркекке өз тагдырыңды тапшырып, өзүңдү тагдырыңа балта чабасың, кыйналасың, жашооңду, өзүңдү сындырасың. Эл айтып жатып тажатты деп айбанга турмушка чыгып, 1-5 жылдан кийин 1-2 балаң менен ажырашып, балдарыңды дагы, өзүңдү дагы тозокко салгычакты, күйөөгө тийбей эле койгонуң жакшы. Кыйнап жатып турмушка чыгарган эл сени дагы бакпайт, балдарыңа дагы жардам бербейт, жакшы дагы сөз айтпайт. Эл сага акылдуу болуп акыл үйрөткүчө өзүнүн жашоосун оңдоп алсынчы. Акылдуу болуп качан турмушка чыгасың деп жаткандардын көбүнүн өзүлөрүнүн жашоосунун чумоосу чыгып, чимкириги агып жатат.
*****
Карындашым, азыр башка заман, татаал жашоо. 21-ден, 25-тен, 27-ден ашсаң күйөөгө тийбей каласың, кара далы болуп каласың, сени эчким албайт, анан тиги, анан бу деген айбандардын былжырак сөзү. Турмушка чыгуу эч качан кеч эмес. Айбан эркекке турмушка чыгып тозок жегиче, турмушка чыкпай эле койгон жакшы.
*****
Качан турмушка чыгасың? Качан мага терең билим берип, мен сүйгөн адамымды таап, жакшы көргөн, жакшы айлык төлөгөн кызматка орноштуруп, жашаганга үй алып, балдарымды татыктуу бакканга шарт түзүп, бактылуу жашаганга мүмкүнчүлүк түзүп берсең, сразым күйөөгө чыгам деген жооп болуш керек.

Предыдущая статья“Апамдын сүйгөнү бар, атам да ошон үчүн инсульт болуп жыгылды”
Следующая статья28 жаштагы жаран өз энесин өлтүрүп, жиликтеп, этин ити менен жеп жүргөн

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here