1-курсту бүтүп жайкы каникулда аталаш байкемдин үйүнө жардамдашканы баргам. Өздөрүнүн
чакан азык-түлүк саткан дүкөнү бар. Жеңемдин иштери чыгып калган күндөрү балдарга баш-
көз болуп дүкөндү карап калам.
Бир күнү жеңем балдарын алып төркүнүнө
шаарга сапар алды. Учурдан пайдаланып жакын группалаштарымды көлгө эс алып кетүүгө
конокко чакырдым. Группалаш эки кызым келди. Коноктодум, көлгө түштүк, кургак кесме
жасап жедик.
Эртеси бирөөсүн ээрчитип алып дүкөнгө келдим. Бирөөсү үйдө уктап калган. Түшкө жакын
дүкөндү жаап коюп, үйгө келсек уктап жаткан курбум жок. Телефон чалсак шашылыш шаарга
кетип калганын айтты. Берки курбумду вокзалга барып салып коюп үйгө келдим.
Байкемдер келгиче үйлөрдү жыйнай баштадым. Эмнегедир жеңемдин шкафы ачык,
косметикалары жок. Кухняга келсем жактырган кымбат тефалынан дайын жок.
Ойлорума көп нерселер келди. Акырын үйлөрдү жыйнаштырып койдум.
Кечке маал байкем шаардан келди. Тамак жасаганга жетишпей калганым үчүн салат ачайын

деп складга кирсем салаттардын теңинен көбү жок. Курбу кызыма чалдым.
— Кандай жетип алдың? Сен уктап жатканда үйгө бирөө келген эмес беле?
— Бирөө калдыратып эле басып жүргөн. Аа эмне болду?
— Эч нерсе, жөн эле сурадым.
Ууру кирген окшойт. Эми жеңеме, байкеме эмне дейм? Жеңеме чалдым.
— Кандайсыз? Жеңе бүгүн үйгө келдиңиз беле?
— Ооба, эмне болду? Жактырбагансып жооп берди.
— Тиги курбуларымды конокко чакыргам, үйдөгү кээ бир оокаттар жок болуп жатат. Сиздин да
косметикалар…
— Ахха-ха эмне сенин курбуң беле?
— Ооба, эмнеге күлөсүз?
— Мен аны байкең алып келген го десе.

— Жеңе байкем шаарга кеткенин айткан эмес беле?
Көрсө биз дүкөндө жүргөндө жеңем үйгө келиптир. Келсе эле берки курбум уктап жаткан болот.
Байкеме анча-мынча таарынып төркүнүнө кеткен жеңемдин оюна башка нерселер келет. Анан
жинденип керектүү оокаттарын чогултуп кайра кетип калыптыр.
Эртеси жеңем келди, шашпай кайра башынан айтып бердим. Кечинде тамакка олтурганда
байкеме дагы айттык.
— Биз барда деле чакырсаң болмок да группалаштарыңды. Аз жерден аялы жок калтыра
жаздадың. Мага ишенбейсиңби ыя байбиче?
— Эми үйгө келсем чоочун кыз жатса, оюма эмне келмек эле.
Каткырып күлүп эле тамактандык. Өөх, аягы жакшы болгонуна сүйүндүм.
Предыдущая статьяКаныбек Осмоналиев: «Жасалма диплом менен уялбай иштеп жүргөн адам өзү коом үчүн коркунучтуу!»
Следующая статья«Кыз-Бурактын» солисткасы: «Күйөөмдү таштап кетсем, мен мынчалык бактылуу болмок эмесмин»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here