Тажикстандын президенти Эмомоли Рахмон Бишкекте мамлекеттик төңкөрүш жасоо планын даярдап жатат. Бул тууралуу Тажикстандын белгилүү оппозиционери Шарофиддин Гадоев өзүнүн расмий баракчасына жазып чыкты. Анда оппозиционер, 9-июнь 2021-жылы Рахмондун үй-бүлө мүчөлөрүнүн чогулушу болуп, ага Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы  жана Тажикстандын Ички иштер министрлигинин министри да катышкан:

«Жыйынга Рустам Эмомали, Махмадзоир Сохибов, Шамсулло Сохибов, Хасан Асадуллозода, Шохрух Саидзода, Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов жана Тажикстандын Ички иштер министрлигинин министри Рамазон Рахимзода катышкан. Күн тартибинде Бишкекте мамлекеттик төңкөрүш жасоо үчүн Садыр Жапаровдун оппозициясын каржылоого акча чогултуу маселеси талкууланды.

Кыргызстанда төңкөрүш жасоо аркылуу алар баңги заттарды ташуу транзиттик зонасын кайра калыбына келтиргиси келет:

«Рахмондун үй-бүлөсү Кыргыз Республикасынын аймагын баңги заттарды ташуу үчүн транзиттик зона катары колдонушат, бул алардын негизги бизнесинин бири. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин, Рахмондун үй-бүлөсү аны менен баңги затын ташуу бизнеси боюнча бир пикирге келе алган эмес, ошондуктан аларга Кыргызстандагы өкмөттү алмаштыруу зарыл болуп калат.»

Эске салсак, Шарофиддин Гадоев тажик оппозициясынын өкүлү жана улуттук оппозициячыл альянсынын мүчөсү. Ал бир нече жолу тажик президенти Эмомоли Рахмонго карата сын айткан.

Сүрөт интернеттен алынды
Булак: Элгезит.кж

Предыдущая статьяАсел Чынбаева Баткенде эмне кылып жүрөт?
Следующая статьяСарыбашев: Мэриядан бөлүнгөнмүн деп отуруп алгандар бар, киргизбегиле! Керек болсо мени дагы…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here