Каныбек Осмоналиев: «Жасалма диплом менен уялбай иштеп жүргөн адам өзү коом үчүн коркунучтуу!»

Билим берүүнүн отличниги, профессор, экс-депутат, Улукбек Мариповдун социалдык маселелер, саламаттык сактоо, билим берүү, дин, спорт жана башка маселелер боюнча
кеңешчиси Каныбек Осмоналлиевичке жасалма диплом тууралуу суроо менен кайрылып,
мындай жооп алдык:
— — Жасалма диплом берүү жана аны сатып алуу — бул өтө чоң кылмыш! Мамлекетке абдан зор зыян алып келет. Анын моралдык-психологиялык таасири эбегейсиз. Ошол жасалма диплом менен уялбай иштеп жүргөн адам өзүкоом үчүн коркунучтуу! Ал эч убакта таза иштей албайт. Мындай адамдарды жана дипломдусаткан дары ырайымсыз жазалоо зарыл! 90- жылдары бул кылмыш кеңири тарагандай? Демек, терең изилдөө керек! Менимче, өзүнчө эле кылмыштуутоптор орун алгандай! Өзүбилим берүүсистемасы өлдү. Эгерде катуутекшерсе,
мындан дагы ооркылмыштарачылат.
Эске сала кетсек, кечээ, 14-июнда, УКМК Жогорку Кенештеги КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы вице-спикер, учурда «Кумтөр ишине» байланыштуу атайын кызматтын тергөө абагында жаткан Зулпукаров Төрөбай Закировичтин жасалма дипломду колдонгону
аныкталганы тууралуу маалымат тараткан.
Кыргыз улуттук университет эмне дейт?

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети маалыматына караганда, «З.Т.3» университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка адамга берилген. «3.Т.3» билим алуу үчүн акы төлөбөгөндүктөн, 1998-жылы КУУнун тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Андан кийин, ал КУУнун диплому
делген жасалма документти Ош мамлекеттик университетине тапшырууда колдонгон. Ошондой эле ал активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде экинчи жогорку билим алган.

Add your comment

Your email address will not be published.