Жылуулук менен ысык суунун тарифин 25 пайызга чейин кымбаттатуу сунушталууда. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Аталган ведомство министрлер кабинетинин «2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясынын орточо тарифин бекитүү» жөнүндөгү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документтин долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Документте сунушталган калк үчүн тарифтер төмөнкүчө:
- Жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1418,45 сом (азыркы баасы 1 134,76 сом);
- Ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 227,2 сом (азыркы баасы 981,76).
Ведомстводон белгилешкендей, жылуулук энергиясы үчүн тарифтер жыл сайын инфляцияга жараша өзгөрүп турат.
Калган колдонуучулар үчүн сунушталып жаткан тариф:
- Жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 801,89 сом (азыркы баасы 1 695,1 сом);
- Ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 801,89 сом (азыркы баасы 1 695,1 сом).
«Көп жылдан бери жылуулук энергиясынын тарифи өз баасынан төмөн коюлуп, жыл сайын акчанын дефицити жаралып келген. Чыгым электр энергиясын сатуудан түшкөн каражат менен жабылып турчу», — дешти ведомстводон.
Белгилей кетсек, Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы жылдык инфляция 10,9 пайызды түздү.
Кыргызстанда электр энергиясынын тарифин дагы жогорулатуу сунушталып жатат.