Өзбекстанда социалдык тармактарда Сырдария облусунун акимчилигинин жооптуу кызматкерлери жана мамлекеттик органдардын башчыларынын катышуусунда тараган видео талкууга алынды.

Аталган окуя боюнча Сырдария облусунун администрациясы таркатылган видео боюнча комментарий берди.

Администрациянын айтымында, видео 2020-жылдын октябрь айында “Евро Азия” ресторанында тартылган. Видеодо райондун акиминин орун басары, районду көрктөндүрүү бөлүмүнүн башчысы, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө инспекциясынын башкы адиси жана райондук “Сувокова” ишканасынын башчысы жарым жылаңач кыздардын бийинин коштоосунда кечки тамакты ичип отурганын көрүүгө болот.

“Шоу-балеттин кыздары аткаминерлер отурган бөлмөгө кирип келишкен. Кардарлар бийчилердин күтүлбөгөн жерден келгенин жактырышкан эмес. Андан кийин алар кыздарга акча беришип, чыгып кетүүсүн суранышкан”, — деп айтылат администрациянын билдирүүсүндө.

Облустук акимчиликтен белгиленгендей, ресторандын администрациясы менен баарлашуу болду. Чиновниктерге жамаатта жүрүм-турум эрежелерин сактоо менен мамлекеттик кызматкер катары үлгү болуусу керектиги эскертилди.

 

Предыдущая статьяКүйөөмдүн биринчи көңүлдөшү, экинчиси, анан үчүнчүсү уланууда…
Следующая статьяКадыр Жарматов: «Жарым жыл иштебей коё турбайсыңбы», — дегендер силер менин дасторконума нан салып бербейсиңер!»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here