Нурлан Насип: «Фырат менден 750 миң сом алып,качып жүрөт»

Нурлан Насип өзүнө жазылган арыз боюнча жооп берди.
«Фырат менден жети жүз элүү миң сом алган , ресторандын дизайн жасап берем деп , бербей качып жүрөт. Ал эми ОсОО «Клен кей джи» фирмасынан «Насип» ресторанына идиш алып жатканда мен жок
болчумун»-дейт Нурлан Насип.
Ал эми Фырат менен байланышканыбызда , мени Нурлан Насип жак алдап кетти деп толук
маалымат бергенден баш тартты.
Эске салсак, 1-май айында ырчы Нурлан Насип жана Фырат аттуу жаранга октябрь ИИБнө ОсОО «Клен кей джи» фирмасынын жумушчуларынын биринен арыз түшкөн.
Анын айтымында «Насип » ресторанынын ээси Нурлан Насип жана Фырат аттуу жаран ОсОО «Клен кей джи» фирмасынынан эки жүз алтымыш миң сомго ресторанга керектелүүчү идиш аяк алып, андан болжол менен токсон миң сомун кайтарып берген эмес.
 «Бул карыз боюнча Нурлан Насипке байланышсам Фыратка акчаны бергем дейт, ал эми Фырат ал акчаны алган эмесмин деп бири-бирине шылтоолоп, убакытты чоюп келе жатышат. «-деп билдирген

Add your comment

Your email address will not be published.