Эки жашар кызымды кучактап алып, көчөдө үнсүз отура бердим. Бул дүйнөдөгү бар жыргалым, ырахатым ушул наристе кызым болуп, балапан сары чачтарын улам жыттап коём. Менин кабак-кашымды байкаган кызым да мурдагыдай апасын кыйнабай, бөдүрөйгөн көздөрү менен улам мени суроолуу карап коюп, өз оюну менен алек.

Турмуштун баары сен ойлогондой боло бербейт экен. Турмушка узап жатып, мен бакытка, бакыттын эң бийик чегине жеткендей бактылуу болгом. Бирок ал бакыт узакка созула бербеди. Күйөөм экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестиктер, кемсинтүүлөрү башталды. Аны күн санап жакындан таанып, күн санап ага болгон жалындаган сүйүүм, аны жакшы көрүүм өчүп, муздап баратты. Иш болобу, күнүмдүк тириликтеби, мамиледеби – баарын чын жүрөктөн жасап, күйөөмдүн жакын адамдарын жакшы көргүм келчү. Баарын сыйлагым келчү. Көңүлүмдүн тереңинде ошондой сезимдер удургуп турчу. Аны түшүнө албады. Сезимдерди бийик көкөлөтүп бага албадык. “Баары өзгөрүп кетет, оңолуп кетет” деп өмүр сүрө бердим. Баарынан да өкүнүчтүүсү, күйөөмдүн башка айым менен болгон мамилесин билип калдым…

Үй-бүлөнү, очокту бузуу оңой эмес. Көпкө аны күтүп жашап келем. Биринчи көңүлдөшү, экинчиси, анан үчүнчүсү көз алдымда уланып келет. Күзгүдөн өзүмө көпкө тигилип: “Мен бул үй-бүлөгө киммин? Кандай орундамын? Качан баары ойдогудай жашоо болот?” деген суроолорду узатам. Андай күндөр эч качан болбочудай. Бир гана жаштыгым узап, мезгил учуп барат…

Акыл 

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статьяЖылдыз Жолдошова: “Кумтөрдүн айланасында болуп аткан иштер бизге деле табышмак”
Следующая статьяВИДЕО — Аткаминерлердин жарым жылаңач кыздар менен көңүл ачышкан видеосу талкууга алынды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here