Соттук реформага болгон аракеттер, соттогу акыйкаттуулук канткенде ишке ашат? Себеби, буга чейин деле көп аракеттер болгон менен жыйынтык жок болуп атпайбы?

— Биринчиден, саясый заказдарды аткарып келген соттун баары люстрацияга алынышы шарт. Экинчиден, сотторду тандоо критерийлери көбүрөөк болушу керек. Үчүнчүсү, сотко талапкер болгондорго талаптарды жогорулатуу зарыл. Төртүнчүсү, соттун иши ачык-айрым көрүнгөндөй онлайн режиминде жүрүшү зарыл. Сот системасы реформа болмоюнча калган реформанын бирөө да ишке ашпайт.

 Чынында эле соттордун бийликке карай көз карандуулугунан арылса болобу?

— Бийликке сот оппозицияны соттогондо керек болуп атпайбы. Бирок, бизде акыркы 10 жылда бийликтин заказын аткарып жүргөн 7-8 эле сот бар. Алардын кимдер экенин биз жакшы билебиз. Ошол эле Садыр Жапаровду, Өмүрбек Текебаевди, Бекболот Талгарбековду соттогон судьялар бул системадан кетиши керек. Алар жалаң заказдарды аткарып жүрүп, Кыргызстанды ушул күнгө кептеди. Ошолордун баары иштен айдалып, жазаланмайын соттогу адилетсиздик улана берет.

Учурда аракеттер жүрүп атат. Калганын иш жүзүндө убакыт көрсөтөт.

Мээрим Асанова 

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статьяАнжелика: «Кереметтүү Аланья шаарын көрсөткөнгө, үйгө чакырганга даярмын»
Следующая статьяЖылдыз Жолдошова: “Кумтөрдүн айланасында болуп аткан иштер бизге деле табышмак”

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here