Президент жол кырсыктарын алдын алууну күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды.

Жапаров соңку убакта адамдардын өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйө баштаганын белгилеген.

«Мамлекет башчы адам өмүрүнөн өткөн баалуу эч нерсе жок экендигин баса белгиледи. Ошондуктан Ички иштер министрлигине жайкы туристтик мезгилде транспорт каттамы эселеп көбөйөрүн эске алуу менен жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, президент жарандарды жол эрежесин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүрүүчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.

Белгилей кетсек, дем алыш күндөрү өлкөнүн негизги трассаларында адам өмүрүн алган жол кырсыктары катталды. Эки автоунааны кагышуусунан Жалал-Абадда алты, Жети-Өгүздө районунда үч жана Ноокат районунда алты адам набыт болду.

Add your comment

Your email address will not be published.