Ош облустук милициясы Араван районунда зордукталган 15 жаштагы өспүрүм кыз 15-майда көз жарганын билдирди.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, тергөөдө өспүрүмдү 63 жаштагы кошунасы зордуктаганы аныкталган.

Окуя 2020-жылдын 20-августунда Чек-Абад айыл аймагындагы эгин талаада болгон. Өспүрүмдүн зордукталып, кош бойлуу болгону аны апасы үч айдан кийин ооруканага алып барган учурда билинген.

Аталган факты боюнча өткөн жылдын аягында, 3-декабрда сотко чейинки өндүрүш ачылып экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында кылмыш жасалгандыгы аныкталгандыктан айыпталуучу 4-июнда кармалып, сот бөгөт чарасы катары 22-июнга чейин камакта калтырган.

Аталган кылмыш Жазык кодексинин 162- беренеси «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» менен катталып, Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилген.

Предыдущая статьяЧынара Эсенгул: “Биздин өлкө өз жарандарын коргой албайт”
Следующая статьяНариман Түлеев шайлоого катышабы ?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here