Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 27-жаштагы Айзада Канатбекованын ала качуусу жана өлүмү тууралуу соттук териштирүү өттү.

Кылмыш иши боюнча Сыймык Молдосариев, Токон уулу Кубаныч, Рысбай уулу Ажикабыл, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетов айыпталуучу катары өтүп жатышат.

Айыпталуучу Орузбек Нурумбетов ошол күнү Замир Тенизбаев менен кафеде жолукканын, анын үйлөнүүсү тууралуу сүйлөшкөнүн айтып берген. Замир бардыгы романтикалуу болушун каалаган, ошондуктан Айзада Канатбекованы ала качууга жардам берүүсүн суранган.

«Саат 08:00до Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишине барганбыз. Замир бир аздан кийин анын сүйлөшкөн кызы чыгаарын, аны алып качыш керектигин айткан. Биринчи Замир Айзаданын жанына басып барды, Айзада кыйкырып каршы болгондуктан, Замир бизди жардамга чакырды. Мен аны көтөрүп келип машинеге салдым. Машинеден Айзада колун кое берүүнү суранды, андан ары жакшы эле кеткенбиз. Ич ара тамашалашып да жаттык. Бир учурда Замир экөөбүз машинеден чыкканбыз, эшик ачык калган. Айзада Замирдин сүйлөшкөн кыздары көп, аны алдап жүргөн деп айткан. Анын айтымында Замир экөө тууралуу апасы да билчү, алар үйлөнүүгө даярданып жатышкан», — деп Нурумбетов сотко айтып берди.

Кийин бардыгыбыз түшүп калдык, Замир Тенизбаев менен Айзада Канатбековамашине менен андан ары кетишкен. Алар Ошко барабыз деп жатышкан.

«12-15 сааттан кийин Айзаданы ала качуу видеосун интернеттен көрүп калдым. Дароо Замирге жаздым. Ал Төө-Ашуудан өтүп баратабыз, деп жооп берди. Эки сааттан кийин мени милиция кармап кетти», — деди Нурумбетов.

Соттолуучу Айзадан Канатбекованын үй бүлөсүнөн кечирим сурады.

«Ушундай болуп кетээрин билсек, эч качан мындай кылмак эмеспиз. Биз аларды жакшы үй-бүлө болот деп ойлогонбуз. Машинеден алар үйлөнүү жөнүндө сүйлөшүп жатышкан болчу», — деп соттолуучу билдирди.

Предыдущая статьяСузакта экинчи аял алып, той берген адамга кылмыш иш козголду
Следующая статьяВИДЕО-Садыр Жапаров салып кеткен капсула бир айдан бери ошол бойдон турат

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here