Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Польшадагы Poland Open рейтингдик турниринин финалында каршылашын 7:1 эсеби менен жеңип, алтын тагынды. Мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.

62 килограмм салмакта күч сынашып жаткан Тыныбекова финалда канадалык Анна Паула Годинез Гонзалез м елген. Беттештин биринчи бөлүгүндө 2:8 эсебинде утулуп жатып, экинчи үч мүнөттүктө эсепти адегенде 10:8ге өзгөрткөн. Көп өтпөй атаандашынын далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган. Жарым финалда дагы бир россиялык балбан Светлана Липатоваменен чыгып, 3:1 эсебинде уткан. Бул жеңиш менен кыргыздын балбан кызы финалга чыкты.

Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбековаөткөн жылы да аталган мелдештин чемпиону болгон. Финалда ал россиялык спортчу кыз Анжела Фоменкону жеңген.

Дагы бир балбан кыз Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күч сынашып, жарым финалда эстониялык Эпп Мэйге жеңишти алдырып койду. Эми коло байге үчүн Лондон Олимпиадасынын чемпиону, россиялык балбан Наталья Воробьева менен кармашат.

Мелдеш ушул күндөрү Варшава шаарында өтүп жатат. Бүгүн Нураида Анаркулова (59 кг), Назира Марсбек кызы (59 кг) жанаМээрим Жуманазарова (68 кг) килемге чыгышат.

Предыдущая статьяАмантур Абдырахманов: “Бабанов аягына чейин күрөшүүгө даяр”
Следующая статьяБекболот Талгарбеков: Акаев Кумтөрдөн акча жеген эмес, аны мен жакшы билем

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here