Айка: «Жашаганыма 7 жыл болсо да күйөөмө көнө албай койдум…»

Өзүм үй-бүлөдө жалгыз кызмын, ата-энем эрте эле каза болуп калган. Ата-энемдин жоктугуна карабастан таежем менен таекем эч нерседен кем кылбай карашты. Күндөрдүн биринде таекем катуу ооруп калды, атамдын көзү өткөнү менен өз кызындай тарбия берген таекемди мындай абалда көрүү мен үчүн оор болду. Бой жетип калгандыктан куда түшүп, колумду сурап келгендердин саны да көбөйдү. Көп ойлонбой алардын бирөөсүн тандап турмушка чыгып кеттим. Жакшы оюмда өзүнүн балдары кичинекей болгон таекем менин жакшылыгыма күбө болуп калсын деп ойлондум. 6 айдан кийин таекем да каза болуп калды. Турмушка чыгып жаткан маалда келечектеги күйөөмө эч кандай сезимдерим жок болчу. Бардыгы никеден кийин башталса керек деп ойлогон элем. Бирок андай болгон жок…

Бирге түтүн булатып жатканыбызга 7 жылдын жүзү болду. Үй-бүлөбүз менен Орусияда турабыз. Кайнатам, кайненем аябай жакшы кишилер, ортобузда 2 уулубуз бар. Бирок бул жылдар аралыгында жолдошума эч көнө албай койдум. Анын ар бир кыймылы, сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы жинимди келтирет. Кээде билгизбейм, кээде айтып капа кылып алам. Ажырашайын десем эки балам менен каякка барам деп ойлоном. Анан да көңүлүмдү карап, көзүмдүн кареги менен тең айланган күйөөмө боорум ооруйт. Бирок канча аракет кылсам да эч көңүлүм болбой жатат. Төшөккө чакырганда да ар шылтоону айтып качам, ал капа болот. Кандай кылсам болот? Мага кеңеш бериңиздер…»

Add your comment

Your email address will not be published.