Бүгүн, 10-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков «Кумтөр» иши боюнча акыркы камоолор жөнүндө өз оюн билдирди.
Анын айтымында, «Кумтөр» боюнча ишке 2 гана адам күнөөлүү. Анын бири — 2003-жылы келишимге кол койгон Аскар Акаев, экинчиси — 2009-жылкы келишимге кол койгон Курманбек Бакиев.
«Биринде биз үлүшүбүздөн ажырасак, экинчисинде үмүтүбүздөн ажыраганбыз. «Кумтөр» боюнча калган камоолордун бардыгы ошол саясаттын курмандыктары. Өмүрбек Бабановго, жана башка экс-депутаттарга деле ошол 2013-жылдагы Садыр Жапаров төрагалык кылган комиссиянын чечимине каршы болгонсуңар деп кылмыш иши козголуп жатпайбы. Улутташтырууга каршы болгонсуңар деп. А эмне үчүн азыр мен улутташтыруу демилгесин көтөрүп чыксам, баары каршы болуп жатат? Мына менин колумда мамлекеттик комиссиянын корутундусу турат. Бул 800 беттен турат. Ушунун бир да бетинде Бабанов деген сөз жок. 2013-жылкы мамлекеттик комиссиянын кортундусунда да Бабанов деген сөз жок. Анан эмне үчүн азыр аларды абакка салып салды? Эгер «Кумтөргө» акыйкат иликтөө боло турган болсо, анда 2003-2009-жылкылар менен башташы керек болчу. А келип эле бери жактан баштап жатпайбы. Мунун бардыгы тарыхты бурмалоо болуп эсептелет. Бабановду жакшы билем. Партиялаш болбосок да, парталаш болбосок да, жердеш болобуз. Анын саясатка кандай келгенин мен жакшы билем. Эми ага «Кумтөр» боюнча койгон айып бул менин кесиптешим айткандай, крокодилди Талас суусунан издегендей болуп жатат«,- деди ал.

Предыдущая статьяРежеп Тайып Эрдоган: «Орхан Инандыны тааныбайм, эч кандай маалыматым жок»
Следующая статьяАйка: «Жашаганыма 7 жыл болсо да күйөөмө көнө албай койдум…»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here