Менин көйгөйүмдү да чыгарып бересизби.Турмушка чыкканыма 8 жыл болот 3 балам бар.Көйгөйүм кайнене менен түшүнбөстүк.Намаз окуйт жолдошум дагы мен дагы.Өзүмдүн апам аябай ооруйт.Жалгыз кызмын.Ооруп калганынан төркүнгө келсем,кайненем күйөөмө «ал башка жакка барып атат,башка менен кезигип жатып жүрөт»- деп биздин ортодогу мамилебизди бузуп жатат.Күйөөм сага ишенем, сени билем дейт.Бирок кайненем өзүнө ишендирип атыптыр.Баары кайнатадан коркот.Кыз болуп тийгем баары билет.Эмне кылышымды билбей жатам.Азыр төркүндөмүн.Аялын келбесе оокатын көчүрүп менин жаныма кел деп атыптыр.Ажырашып кетсем балдарымды багып кете алам бирок атасыз өскөн жаман экен.Кеңеш бериңиздерчи кандай кылсам туура болот кайнатага айтсамбы???

Предыдущая статьяМомбеков: «Ушулар менен Жогорку Кеңеште отурганыма уялам…»
Следующая статьяЭки никеде жашап жатам. Эмне кылсам?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here