Эки никеде жашап жатам. Эмне кылсам?

Мындан эки жыл мурун күйөөм менен ажырашып кеткем. Анын себеби, күйөөм ичкиликке жакын болчу жана дайыма мас болгон күндөрү мага кол көтөрүп, тынчтык берчү эмес. Беш жылдай чыдап, “оңолуп кетээр” деп жашадым. Акыры чыдамым калбай калганда уулум менен кызымды ээрчитип, төркүнүмө кетип калгам. Учурда балдарым Кыргызстанда, ата-энемдин колунда тарбияланып жатышат. А мен болсо Москвада иштегени кеткем. Алты айдан бери мени “сүйөм” деп чуркап жүргөн алты жаш кичүү жигит менен граждандык никеде чогуу жашайбыз. Ал болсо “балдарыңа ата болууга даярмын” дейт. Бир жаман жери, экөөбүз чогуу жашагандан бери бир нан көтөрүп келбейт. Ал эми алкаш жолдошум болсо “экинчи ичпейм, кол көтөрбөйм, намаз окуп калдым, элдешели” деп жатат. Азыр эки ортодо турам. Кимисин тандаарымды билбей жатам.

Add your comment

Your email address will not be published.