Тажикстан – Кыргызстан – Өзбекстан маршруту боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган эл аралык уюшкан кылмыштуу баңги тобунун иши аныкталды жана бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Бул уюшкан кылмыштуу топтун уюштуруучусу тажик баңги сатуучулары менен катар Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты О.М.Б экендиги такталды, ал баңги заттарды Кыргызстан аркылуу Тажикстандан Өзбекстанга ташыган.

«Кадамжай шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө О.М.Б. Кыргызстан аркылуу Өзбекстандын аймагына баңги заттарынын дагы бир партиясын сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Унааны тинтүү учурунда жана жашаган жеринен жана анын бир тууганынын унаасынан , 37,5 килограмм марихуана, 9 килограмм чийки апийим, 4 килограмм гашиш, курал (уруксаты жок), 232 миң доллар, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму жана 106 миң сом табылып алынган.

Сотко чейинки процесстин алкагында депутат Баткен шаарынын ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди», – деп билдирди УКМК.

Учурда Тажикстандын жарандарынын ичинен баңги каналынын уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.

Предыдущая статьяАлмазбек Атамбаевдин абалы оор
Следующая статьяНазира Айтбекова: «Карыганда жыргап төрөсө да болот»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here