Турмушка чыкканыма он күн болду. Жакшы жашап атканбыз, бирок негедир акыркы күндөрү күйөөмдүн көңүлү жок экенин байкадым. Негизи сүйлөшүп үйлөнгөнбүз. Көңүлүн табайын деп жакшы эле аракет кылып атам, баардык жагынан. Жумуштан келсе кийими таза, тамагы белен. Бирок, мага бөтөн адамга мамиле кылгандай кылат. Эми кантседа аялымын го… Телефонун карап койсом, ошого таарынып, “сен менин көңүлүмдү калтырдың” деп менден күнөө издеп, жумушка кетип калган. Келбей кечиккенинен “качан келесиң?” деп чалсам, “келбейм” деп, түн бир оокумда келди. Анан эртең менен “эмне болду сага, ачыгын айтчы? Сени эмне кылып таарынттым?” десем, “телефонумду карайсың”  дейт. “Кечээ бирөөгө барып жолугуп келдим” деп ачык айтты. “Көнөсүңбү? Мен сүйлөшө берем, жолуга берем ал менен” дейт. Көңүлүм ооруп, жаман болуп отурам. Эмне күнөөм үчүн мага мындай мамиле кылып атат? Эмнем жакпай калды?..

Предыдущая статьяАтам мага кошулуп ыйлайт, “андай жигитке тийбей эле койчу” дейт…
Следующая статьяВИДЕО-Көчөдө кыздарды жамбашка чаап жүргөн жигитти кыдар кармап алышты

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here