Саламатсыздарбы? Эки айдан бери бушайман болуп жүрөм. Себебин баштан-аяк түшүндүрүп берейин. Жашым 35де, жолдошум бар. Ал быйыл 38ге чыкты. Ортодо эки уулубуз бар.

Балдар чоңоюп, күйөөм экөөбүз тең иштеп буттан турдук. Батир, унаа алдык. Күйөөм инженер, мен болсо башында базарда кийим-кече сатчумун. Кийин иш жакшы жүрүп соода борборлордун бирине жайгаштым.

Азыр ошол жакта аялдардын кийимин сатам.
Жанымда соода кылган кыз-келиндердин баарынын үстүндө үйү, астында унаасы бар. Баары жакшы турушат.

Алар менен кээде эс алууга чыгып калчумун. Былтыр жайда чогуу иштеген 5-6 келин Ысык-Көлгө эс алып барып келдик. Колубузда акча, астыбызда унаа бар, болушунча жыргадык.

Ошол жактан жаныбыздагы кыздын сүйлөшкөн жигиттинин достору менен таанышканбыз. Арасынан салабаттуу, жакшынакай бир досу менен көзүбүз чагылыша түшкөн. Көлдөн келгенден кийин бир күнү ошол адам чалды.

Телефонумду чогуу иштеген кыздан алыптыр. Ал-ахвал сурашкандан кийин чайга чакырды, бирок күйөөм, балдарым бар экенин айтып барган жокмун. Көп күн өтпөй кайра чалып түшкү тамакка чакырды. «Жаш кыздай болбой барса барып көрөйүн» деп бардым.

Предыдущая статьяКайненем баламдын каза болгонунун менден көрүп…
Следующая статьяБоюмда болбой биринчи жолдошумдан жардам сурап жатып…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here