Бул тууралуу алып баруучу, актриса  Назира Айтбекова жеке фейсбук баракчасы аркылуу билдирди:

Айрым адамдардын сөздөрү терең, жакшы адам көрүнгөнсүйт, бирок көздөрүнүн тереңинде мени ыңгайсыз кылган нерсе жатат десең. Акылга салсам, сезимге салсам да өйүгөн , жан дүйнөмө жакпаган нерсеси болот. Өз алдымча актайм, “Башкаларга жагып атат го!” дейм. Жакшы көргөнгө аракет кылам. Бирок жан дүйнөмдү күчкө салып кыйнап аткандай, думчугуп, жүдөп кетем.
Айрым адамдар бар ушундай жагымдуу илеп келип турат. Андайларды байкаганда энесин шыңаарлап чыкпай, эзиле тиктеген кулундай , улактай, музоодой эле тегеренип, башымды жөлөп, кучактап, эркелей баштайм. Пейилди, жан дүйнөнү таза кармап, аруулап, чаң жугузбай жүргөн адам аз. Азгырыгы көп турмушуңда эрки бийик болуп, көкүрөгү самаган адалдыкты туу тутуп жүрүш оңой эмес! Мансапты көргөндө жан дүйнөсүн , акыркы калган адалдыгын деле соодалап жиберип жатышпайбы!
Энергия — адамдан чыккан дем сындуу. Адамдын жакшы — жаманын , кир — тазасын көз айтат анан туюмуңду угу турган болсоң, ошол энергиясы аныктайт. Жүрөктү, көкүрөктү тыңшай алуу да чоң талант. Көп учурда акылдын үнү өктөмүрөөк чыгып, адвокат болуп атып, сезимдин үнүн басып коет да, адаштырат. Жаңылыштыкка жетелейт.
Предыдущая статьяКамакка алынуу кезеги Сооронбай Жээнбековго жакындап баратат
Следующая статьяАзамат Арапбаев камалып, Таалай Сарыбашов кызматтан кетет…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here