Мухаммедкалый Абылгазиев ооруканага түштү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ооруканага түштү.

Ал учурда Бишкектеги «Бикард» жеке менчик бейтапканасында дарыланууда. Аталган медициналык мекемеден кабарлашкандай, Абылгазиев жүрөк -кан тамыр ооруларын дарылап жатат.

УКМК бул маалыматка комментарий бере элек.

Абылгазиев 26-январда кармалган. Ал коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шек саналууда. Майдын соңунда сот аны камактагы мөөнөтүн 26-июлга чейин узарткан.

Буга чейин жемкорлукка жана мыйзамсыз баюуга шек саналган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимов жана парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев да «Бикард» ооруканасында дарыланып чыгышкан.

Add your comment

Your email address will not be published.