Ар дайым чындык тарапта эле чыркырап жүрчү…

Бүгүн эртең менен суук кабарды угуп жүрөгүм ооруп, уккан кулагыма ишене албай отурам. Рахман менен Чүй облусунун өкүлчүлүгүндө иштеп жүргөндө «Бешилик» тобу менен келип, борборго концерт коюп сатирасын элге тартуулаганы келгенде жолугуп, таанышып калдым. Отурганда эле ичинде кири жок, турмуштун чындыгын сатира аркылуу жеткире алган таза инсан экенин сездим.

Таанышкандан ушул күнгө чейин ага-ини болуп катышып келдик. Көп кырдуу талант катылган алп инсан экенин баалап, ар дайым сыймыктануу менен сыйлап келем. Минтип, аты өчкүр вирустун ажалына кабылып, акка моюн сунуп акыркы сапарга кете бериптир. Жаткан жериң жайлуу, топурагын торко болсун иним! Кудайым өзү ырайымы алып, мээримине бөлөсүн. Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Бакиев Курманбек Салиевич Минск шаары.

Предыдущая статьяДастан Бекешев: «Парламенттик шайлоо 31-октябрга белгилениши мүмкүн»
Следующая статьяТилек Токтогазиев: «Мени алдап кетишти»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here