Экс-спикер Аида Касымалиева  «Кумтөр» боюнча УКМКнын СИЗОсунда отурган Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбековго жолугуп чыкты. Бул тууралуу ал жеке баракчасы аркылуу билдирди:

«УКМКнын СИЗОсунда отурган кесиптешим жана Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Шарипович Жээнбековго жолугуп чыктым. Асылбек Шариповичтин маанайы жакшы, токтоо жана ар дайымкыдай өзүн татыктуу алып жүрөт. Ал болгон окуялардын бардыгын эсептешүү жана саясий талааны тазалоо деп эсептейт. Анткени ага коюлган айып боюнча эч кандай фактылар жана жүйөлөр жок. Муну түшүнүү үчүн 2012-жылдагы ошол жыйналыштардын токтомдорун жана стенограммасын окуп, салыштырып, жолугушуулар кандай өткөнүн, ким эмне деп айтканын караш керек. Ал бардык колдоочуларына жана өнөктөштөрүнө салам жана мыйзамдын чегинде өзүнүн күнөөсүз экендигин коргой турганын айтты», — деп жазды Касымалиева.

 

Предыдущая статьяАзамат Арапбаев камалып, Таалай Сарыбашов кызматтан кетет…
Следующая статья«Орел и решка» программасы Ошко келет

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here