Ырчы Анжелика чет өлкөдөн турак жай алды

Ырчы, ишкер, актриса Анжелика чет өлкөдөн ак өргөөлүү болду. Тагыраагы, ырчы Түркиянын Аланья шаарынан турак-жай сатып алганы өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.

«Аланья хомс» компаниясынын Бишкектеги өкүлү болуп иштеп, ошол компания менен өнөктөш болуп келем. Былтыр жаңы салынган 5 жылдыздуу апартаменттен эки бөлмөлүү үйдү 3 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөө менен алдым», — деди ырчы.

Анжелика айым туулган күнүн Түркия мамлекетинен белгилей турганын, ал жактан деле иштерин кадимкидей уланта берерин айтат.

Add your comment

Your email address will not be published.