Алмазбек Атамбаевге тез арада операция жасалышы керек.

Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, 1-апрелде эле М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун кардиологу М.Бейшенкулов даттануулардын негизинде бейтапты көрүп чыгып, алдын ала диагноз койгон:

Жүрөктүн коронардык оорусу, стенокардия, атеросклероз, коронардык кан тамырлардын кальцинозу, ишемикалык кардиомиопатия. Дарыгер Атамбаев инфаркт алдындагы абалда экенин билдирген.

“№47-түзөтүү колониясында, албетте ага көз салып турушат, бирок абалы жакшы болуп кеткен жок. Ал комплекстүү дарыланууга жана операция жасатууга муктаж. Колонияда мындай шарттарды түзүп бере алышпайт”, – деди Атамбаевдин жактоочусу.

Add your comment

Your email address will not be published.