Коомдук ишмер, Евразия телеакадемиясынын академиги Ассоль Молдокматова “Орус поэзиясын дүйнөгө жайылтканы үчүн” күмүш медалы менен сыйланды, ошондой эле Президиумдун чечими менен Евразия элдеринин ассемблеясынын адабий кеңешинин Ардактуу тең төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу ЛИффТ адабий фестивалынын башчысы Маргарита Аль билдирди.

Сыйлык тапшыруу аземи Москва шаарында Мамлекеттик Думада Эл аралык фестивалдардын адабий фестивалынын алкагында өттү.

“Мен бардык сыйлыктарды өзүмдүн көп улуттуу Кыргызстан элиме арнайм” деди акыркы бир жыл ичинде үч дүйнөлүк маанилүү уюмду жетектеген Ассоль Молдокматова.
Маалым болгондой, көптөгөн өлкөлөрдүн жазуучулары Ассоль Молдокматованы “Кыргызстандын Эл айымы” деп атап алышкан.

Предыдущая статья“Ураа! Маршруткасыз эле жашайбыз” Активист плакат менен шаар кыдырды
Следующая статьяАпам тапкан бала менен бактылуу боло албадым, никеден кийин сүйүү жок…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here