Президент Садыр Жапаровдун кортежи Ысык-Көл облусунда жол кырсына учурады. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери жана күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 4-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кортежинин унааларынын бири Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айылынын жанында жол кырсыгына кабылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекет башчысы Жапаров жана ал отурган унаа жабыркаган эмес. Кортеж унааларынын бири жана жүргүнчү ташуучу унаа кырсыктын катышуучусу болуп калды. Экинчи унаада курман болгондор бар экендигин айтышты.

Укук коргоо органдарындагы булактардан белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти отурган унаа кетип калган. Учурда унаа жолу толугу менен милиция кызматкерлери тарабынан тосулуп турат. Окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.

Предыдущая статьяАмирбек Султанмуратов, “Сапат” билим берүү мекемесинин башкы директорунун орун басары: “Агай коопсуздугу боюнча арызданган эмес…”
Следующая статья“Карышкыр” менен “Барс” чай үстүндө эмнени божурашты?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here