Бишкектен Ош шаарына такси менен келген кытайлык жаран көздөгөн дарегине жетпей мерт болду. Бул туурасында Турмуш басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, таксинин айдоочусу кытайлык жаран кайсы жерде көз жумганын билген эмес. Ал жолоочу уктап жатат деп унаасын айдап келе берген. Анын каза болуп калганын Оштогу мейманканалардын бирине жетип токтогондон кийин билген.

Аталган маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктап, окуя боюнча Ош ШИИБге 2-июндан 3-июнга карган түнү тез жардам кызматы маалымат бергенин билдирди.

«Бизге бул боюнча кабар келгенден кийин тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Бишкектен Ошко такси менен келе жаткан кытайлык 1977-жылы туулган Л.Х. каза болгону аныкталды. Анын эмнеден улам каза болгону азырынча белгисиз.

Таксинин айдоочусунун айтымында, ал көз жумганын Ошко келгенде билген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине мезгилсиз өлүм деп катталды. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза түзүлүп, бүгүнкү күндө тергөө иштери унанууда», — деп билдирди башкармалык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Предыдущая статьяБабанов Кумтөрдөн 150 млн $ алды деген сөз жалган болуп чыкты
Следующая статьяЖигитим “аның ар ким менен жүргөн” деген сөздөргө ишенип тоюбузду бузду

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here