Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал чыңалган бойдон турат. Бул маалыматты бүгүн, 4-июнда эртең менен УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Тажик тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын буга чейин жүргүзгөн келишимдерин бузуп, 4-июнда саат 03:00 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган чек ара аймагында контейнерлерди орното баштаган», — деп айтылат расмий маалыматта.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, тажик тараптан автомобилдер жана жеңил брондолгон техникаларда аскер кызматкерлери чогулуп жатканы байкалууда.

Предыдущая статьяАскар Салымбеков урук-туугандары менен мамлекеттүүлүккө шек келтирди
Следующая статьяОктон жаракат алган дагы бир жоокер каза болду

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here