Асел Кадырбекова экинчи ирет турмушка чыгабы?

Кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчы айымы Асель Кадырбекова жеке баракчасы аркылуу катталуучуларынын жана күйөрмандарынын суроосура жооп берди. Анда «Экинчи жолу турмуш куруу оюңузда барбы» деген суроого «Жок. Убакыт көрсөтөт» деп жооп берди.
Андан тышкары ал эч качан бай болбогонун, болгону табити менен кийингенин
кошумчалады.
«Буга чейин жана азыр да апамдын тиш догдуру болуп тапкан акчасына жашайбыз. Учурда апамдын эки бөлмөлүү батиринде турабыз. Буйруса, чоңойтолудеген пландарыбыз бар. Ал үчүн мен толугу менен калыбыма келип, апама жардам беришим керек»- деди Асель
Кадырбекова.
Эске салсак ырчы бир жыл мурда, 26-июнь күнү жол кырсыгына кабылган. Учурда дарылануусу уланып жатканы белгилүү.
Буга чейин ал жолдошу, белгилүү ырчы Нурлан Насип менен чогу жашабай тургандыгын ачыктап, бирок расмий ажыраша электигин айткан. Алардын ортосунда Дария атту эки
жашар кыздары бар.

Add your comment

Your email address will not be published.